Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген эки ишкананын жетекчилерине 28 миң сомдон айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында 26-сентябрдан 30-сентябрга чейинки аралыкта «Жүргүнчүлөрдү ташуу» аталыштагы рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Анда облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан аймактардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу мекемелердин жалпы ишмердүүлүгү жана алардын автоуналарынын техникалык абалдары текшерилди.

Текшерүү учурунда техникалык абалы талапка жооп бербеген жана жол эрежелерин бузган 57 коомдук унаалар жана жеке таксилер аныкталып, айдоочуларына Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протоколдор түзүлдү. Ал эми автоунааларды жүргүнчү ташууга чыгуу алдында өз деңгээлинде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн жүргүнчү ташуучу 2 мекемелердин жетекчилерине (“Каракол-Жүргүнчү”, “КМПА”) дагы протоколдор түзүлүп, ар бирине 28 миң сомдон айыптар салынды.

Мындан сырткары рейд өткөрүлгөн жогорудагы 4 күн ичинде облус боюнча жол эржелерин бузгандыгы үчүн баардыгы 512 айдоочулар аныкталды. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 31 айдоочулар кармалып, 47 автоунаа айып короолорго токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE