Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө унаасынын айнегин караңгылаткан 3 айдоочуга 20 000 сомдон айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында 21-27-январь күндөрү жүргүзүлгөн «Караңгылатылган айнек» жана «Жасалма мамлекеттик белги» аталыштагы рейддик иш-чаралар аяктап, жыйынтыгы чыгарылды.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бир жума ичинде жол эрежелерин бузган жалпы 1003 айдоочу аныкталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 15 айдоочу аныкталып, 21 унаа айып короого токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен уруксааты жок унаасынын терезелерин караңгылатып алган 3 айдоочуга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 194-беренесинин (айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган, же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу) 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп, ар бирине 20 000 сомдон айып пул салынды.

Алар:

— Каракол шаарынын тургуну Ш.А. (аял киши) «Мерседес-Бенц С180» үлгүсүндөгү автоунаасы менен;

— Балыкчы шаарынын тургуну Т.А. «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаасы менен;

— Бишкек шаарынын тургуну А.А. «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасы менен.

Ал эми Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну К.у.Ж. «Даймлер Крайслер» автоунаасын мамлекеттик белгиси жок башкарып жүргөн жеринен токтотулуп, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 182-беренесинин 4-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE