Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чара уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана балдар менен иштөө участкалык инспектору тарабынан Чолпон-Ата шаарынын И.А.Абдуразаков атындагы орто мектептин жогорку класстарынын арасында экстремизм, радикализм темасына арналган алдын алуу лекциялар уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөнүн өсүп келе жаткан мууну — маданий жактан корголбогон калктын категориясы болуп саналат. Ал өзгөчө баалуулук жана руханий боштукта турат. Бул лекциянын негизги максаттарынын бири — өспүрүмдөрдү тынчтыка умтулууга, башка адамдарды түшүнүүгө, ошондой эле экстремизм, терроризм жана бандитизм сыяктуу көрүнүштөргө терс баа берүүнү калыптандыруу.

Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына экстремизм, радикализм жана бандитизм терминдери эмнени түшүндүрөрүн, кайдан келип чыкканы жөнүндө толук маалымат беришти.

Экстремизм — жек көрүү жана кастыкты билдирүүнүн татаал формасы. Анын саясий, улуттук жана диний түрлөрү бар. Биздин коомдо эң көп кездешкен — бул диний экстремизм.

Лекция дискуссия форматында уланып, көрсөтүлгөн терминдер жана анын таасири жөнүндө кеңири түшүндүрмө берилип, өспүрүмдөр тема боюнча бардык кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүкө ээ болушту. Мындай профилактикалык лекциялар облустун бардык орто мектептеринде улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE