Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө бир апта ичинде мас абалындагы 53 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында жайкы туристтик мезгил кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу, аймактарда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 31-июнь күнүнөн тартып 8-августка чейинки бир жума аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 1093 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 53 айдоочу кармалды жана 166 автоунаа атайын айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 247, жол белгилерине баш ийбеген 151, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 29, автоунаа айдоого укугу жок 9, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 5, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды убагында төлөбөй жүргөн 10 айдоочулар жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 12 жөө жүрүүчүлөр болду. Жайкы туристтик мезгилге байланыштуу аймактарда автоунаалардын саны кескин өсүп жаткандыгын эске алып, мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча күчөтүлгөн тартипте уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE