Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө айыптарды төлөбөй жүргөн айдоочулар атайын планшеттердин жардамы менен аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө май айынын майрамдык иш-чараларына карата эс алуу күндөр учурунда, аймактарда жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, май айынын 1нен 8не чейинки бир жума ичинде жол эрежелерин бузган 1107 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 41 айдоочу мас абалында автоунаа башкарып жүргөн жеринен кармалды.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды төлөбөй жүргөн 42 айдоочу атайын электрондук планшеттердин жардамы менен аныкталды. Алар айыптары толугу менен төлөп бүткөнгө чейин унаалары айып короолордон чыгарылбайт.

Жүргүзүлгөн рейд учурунда терезесин караңгылатып айдаган 5, мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган 3, автоунааны уруксаатсыз жасалгалап алган 3, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 9, автоунаа айдоого укугу жок 4, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 5 жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар болду. Жалпы 100 унаа айып жайларга токтотулду.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы менен уюштурулуп, өткөрүлүп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE