Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө өткөн той 26 адамдын өмүрүнө коркунуч келтирди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы үйдө той өткөрүлүп, тамак-аштан массалык түрдө уулануу болду. Бул тууралуу Ысык- Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Алина Токтоназарова билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-октябрь күнү Чок-Тал айылынын Кален көчөсүндөгү №1 үйдө той өткөрүлгөн. Бүгүн, 6-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Чолпон-Ата шаардык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн 26 адам тамак-аштан уулангандыгы боюнча кабар түшкөн.

Жандандыруу бөлүмүнө 1 адам түшкөн. Балыкчы шаарындагы ооруканага 1 адам, Тоң районундагы ооруканага 1 адам кайрылган. Тойго Бишкек шаарынан 3 ашпозчу чакырылган. Алар медициналык кароодон өтүшкөн эмес.

Даярдалуучу азык-түлүктөр (тоок эти, майонез ж.б.) Бишкек шаарындагы “Дордой-Моторс ” базарынан сатылып алынган. Той түшкү саат 12:00дө башталып, кечки саат 17:00 чамасында аяктаган. Саат 17:00дөн 19:00гө чейинки аралыкта оорунун белгилери 2 адамда башталып, Чок-Тал айылдык ФАПка кайрылышкан. Бирок ФАПтын кызматкерлери тарабынан маани берилбегендиктен үйлөрүнө кетип калышкан.

Жабырлануучулардын айтымында, 5-октябрь күнү саат 20:00-21:00 чамасында дене табы көтөрүлүп, 4-5 жолу ичи өтүп, кусуп, алдары кеткен.

Саат 12:00гө чейин түшкөн бейтаптардын саны 9, алардын ичинен 1 жаштан өйдө 6 бала, калган 13 адам чоңдор. Баардыгынан ичеги-карын инфекциясына карата анализдер алынып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, антибиотик терапиясы башталды.

Бүгүнкү күндө жандандыруу жана жугуштуу оорулуулар бөлүмүнө түшкөн бейтаптардын акыбалы канааттандыраарлык. 26 адамдын ичинен 13 адам ооруканадан чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE