Пример HTML-страницы

Тынымсыз жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлдү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТынымсыз жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлдү. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын сел жана суу ташканыдарынан коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нуралы Абдужалилов ырастады.

Анын айтымында, дарыянын жээгиндеги кооптуу аймактар кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

«Акыркы 1 жумадан бери жамгыр жаап, кокту-колоттордон түшкөн суу менен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сай жээктерине коркунуч жаратууда. Сузак району аркылуу өткөн Көк-Арт дарыясында эле кооптуулук жараткан 12 тилке бар. Суунун деңгээли дагы көтөрүлсө кооптуу участкалардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Кечээ күнү кечке жамгыр жаагандыктан аталган дарыяда суунун көлөмү 60 кубга чейин чыкканын кыргыз гидромет агенттигинен билдирген. Ал эми бүгүн саат 12:00гө карата суунун көлөмү 50 кубга түштү. Бирок сай жээктери 1970-1980-жылдары курулгандыктан мындай чоң сууда сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол себептен биздин кызматкерлер жеринде байкоо иштерин алып барып, селдин алдын алуу чараларын көрүп жатат», — деди Абдужалилов.

Мындан сырткары ал ушул тапта сел коркунучу жаралган участкалары Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда бар экендигин кошумчалады.

Алдыңкы күндөрү Көк-Арт дарыясынын жээгиндеги коркунуч жараткан 12 участкада жээктерди бекемдөө жумуштары башталат.

Ал эми, Кыргыз гидромет агенттиги 16-марттан 20-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу жамгыр жаап, дарыя, сайларда суунун нугу көтөрүлөрүн эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE