Пример HTML-страницы

Turmush: ОшТУда ГИС лабораториясы жаңыланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде «ERASMUS+» программасынын алкагында «Арменияда жана Кыргызстанда тармактар аралык аспирантура программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө илимий тармактарды чыңдоо» долбоору боюнча жолугушуу жана семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор Европанын Валенсия политехникалык университети, Швеция технологиялык институту, Словения университети, Бельгия университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети, мамлекеттик кадастр жана картография кызматы жана Ош технологиялык университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Аталган долбоордун негизги максаты — геомалыматтар технологиясы тармагындагы адистиктерди даярдоо максатында магистранттарды жана PhD докторантурасын Кыргызстан жана Армения университеттеринде түзүү.

Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо кафедрасынын адистештирилген ГИС лабораториясы «Арменияда жана Кыргызстанда тармактар аралык аспирантура программаларын өнүктүрүү жана геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө илимий тармактарды чыңдоо» долбоорунун алкагында 2021-2024-жылдары Европа Бирлигинин «ERASMUS+» программасы тарабынан каржыланып, сатылып алынган жабдуулар менен жаңыртылды. Аталган лабораториянын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү жана геомаалымат системасындагы программаларды иштеп чыгууда магистрлердин илимий иштерин жүргүзүү.

Кыргыз Республикасында геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык долбоорлорду жана биргелешкен илимий-изилдөө иштерин шайкеш келтирүү максатында атайын долбоордун негизинде Ош технологиялык университетине чет өлкөлөрдөн атайын өкүлдөр келип, семинар-тренинг өтүүдө. Семинарга Ош технологиялык университетинин окутуучулары активдүү катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатышууда. Мындан сырткары Бишкек шаарынан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да катышты.

Кыргыз Республикасындагы геомаалыматтык технологиялар боюнча Улуттук изилдөө борборунун консультативдик кеңеши 18 мүчөдөн, мекеме жетекчилеринен жана алдыңкы эксперттерден турат. Геомаалыматтык технологиялар чөйрөсү Европа бирлигинин «ERASMUS+» программасы тарабынан каржыланган «SeoTAK» долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE