Пример HTML-страницы

Turmush: Баткенде 2 майор жана подполковник айдап бара жаткан «Лексустан» табылган 30 кг наркотик: Алар канча жылга камалды?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен райондук соту баңгизат ташууга байланыштуу кармалган 4 адамга 20-февраль күнү өкүм чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондук соттун 20-февралдагы өкүмү менен О.А.М. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, бул боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин 1-бөлүгүнүн (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде биротоло 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлүп, жаза өтөө мөөнөтү 2022- жылдан 20-майынан баштап эсептелинген.

Мындан тышкары И.Д.А., К.Б.А. жана А.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, бул боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленген. Алар жазаны жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү жана жазаны өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 4-апрелинен баштап эсептелинип, бөгөт коюу чаралары өзгөртүүсүз камакта бойдон калтырылган.

И.Д.А., К.Б.А. жана А.А.А. булар — милициянын 2 подполковниги жана майору.

Окуя тууралуу:

2022-жылы 4-апрелде Баткен облусунда 30 кг ашык гашиш алып жүргөн мамлекеттик кызматкерлер кармалганын кабарланган.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалган 3 адамдын бири Ош ОИИБдин Баңгизаттардык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы. Экөө Ош ОИИБдин кызматкерлери. Кармалгандардын экөө подполковник болсо, бирөө майор экени айтылган.

ИИМдин маалыматы:

Ал эми Ички иштер министрлиги 3-апрель күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарымдуу өкүлү А.А. кайрылганын, ал өзүнүн билдирмесинде, Ош жана Баткен облусунун Б. жана У. аттуу тургундары ири өлчөмдө баңги каражаттарын аткезчилик жол менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунда сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшкөнүн билдиргенин кабарлаган болчу.

Аталган факт боюнча чогултулган материал Баткен ОИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иш козголгон. 4-апрель күнү саат 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.А. «Лексус 330» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Анын ичинде милиция кызматкерлери К.Б., А.А. жана И.Д. болгону аныкталган. Унаага тинтүү жүргүзүлүп, багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары желим баштыкка оролуп, скотчтолгон зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 30 кг 460 гр түзгөн. Аларга соттук-химиялык экспертизадайындалып, күбөлөр суралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE