Пример HTML-страницы

Turmush: 40 жашка таяп калган түгөйлөрдү «Жар-Жар» ыры менен алып кирдим,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын тургуну Нурзада Сартбаева той-аш жана жакшылыктарга кызмат көрсөтүп келет. Ал Каракол шаарындагы «Жар-Жар» ырын аткарган эң жаш ырчы.

Нурзада айым музыкага болгон чыгармачылык өнөр атасынан өткөнүн айтат.

«Мен 2003-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжесимин. Балалык мезгилим Барскоон айылында өтүп, Э.Кендирбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинен билим алып, 9-классты аяктадым. Андан соң апамдын сунушу менен Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырдым. Студент кезимде музыкага болгон кызыгуум жаралып, чыгармачылыкка бел байладым. Анткени үйдө атам жана агаларым жакшы ырдаса, апам комуз чертет. Бул өнөр мага да өттү деп ойлойм», — деди ал.

Анын айтымында, алгач эл алдына ырдап чыгайын деген ою болгон эмес.

«Студент кезимде курбу кызым турмушка чыгып, алардын тоюнда ырдап бергем. Ошондо көпчүлүк тааныштар жана меймандар: «Үнүң жакшы экен, ырдап чыксаң болчудай» деп калышты. Ошону менен улуу жеңем да колдоо көрсөтүп, студиядан ыр жаздырып, 18 жашымдан тарта тойканаларга чыга баштадым. Албетте, башында сүрдөөлөр болду, акырындык менен көнүп кеттим. Алгач тойлордо бийлей турган өзбек, кыргыз тилиндеги шаңдуу ырларды аткарып жүрдүм. Көп өтпөй үлпөт тойлордо эки жашты конокторго жүгүнтүп, «Жар-Жар» ырын айтууга өттүм. Мындан 2 жыл мурун жашы 40ка таяп калган, мурда такыр үй-бүлө күтпөгөн түгөйлөр баш кошуп, эл алдына “Жар-Жар” ыры менен алып кирдим. Ошондо бардыгы суктанып, баталарын беришти. Менин оюмча, үй-бүлө куруу эч качан кеч эмес.

Маданият тармагында жүрүү оңой иш эмес экен, форма тиктирип, улам сайын жаңыртып турам, өзүмдүн үстүмөн иштейм. Ошол эле учурда окуумду улантып, сабактан сырткары музыкалык окуу жайда вокалдан жана актёрчулук чеберчилик боюнча билим алганга үлгүрдүм.

Ушундай жакшылыктын үстүнөн өмүрлүк жолдошум менен таанышып калдым. Ал дагы тойлорго кызмат кылып келген белгилүү ырчылардын менеджери болчу. Башында ага катары эле кабыл алчумун, бара-бара жүрөгүмдү багындырып, кыз-жигит болуп, 2022-жылы баш коштук», — деди ал.

Н.Сартбаева учурда декреттик өргүүдө экенин айтып, кошумча кол өнөрчүлүктү аркалап жатканын белгиледи.

«Тойлордо көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болобуз. Кээде аппаратура өчүп калып, эл алдында жандуу ырдап берип, кырдаалдан чыгып кеткен күндөрүм болгон. Өмүрлүк жолдошум менеджер болгон соң, мага дагы чоң колдоо көрсөтүп, чакырган жерлерге алып барып келет. Той ээлеринен чакыртууну кабыл алып, шарты туура келсе, Чолпон-Ата шаарына чейин, кээде Барскоон, Тоң аймактарына чейин кызмат көрсөтөм. Азыр болсо уулубуз бар, декреттик өргүүдө, үйдөмүн. Мындай учурда бош отурбастан кол өнөрчүлүктү колго алып жатам. Дегеним, ар кандай кооз кездемеден, кагаздан гүлдесте жасап, жарнамалап койсом, ээлери табылып, буюртма түшүп жатканына кубанычтамын. Кол эмгек акым 1000 сомдон 4 000 сомго чейин бааланат. Келечекте өзүм сүйгөн мугалимдик кесип менен иштейм деген максатым бар. «Мугалим — мөмөлүү дарак» демекчи, ар тараптуу таланттуу болуш керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE