Пример HTML-страницы

Тонолуп, айдоочунун колунан ажал тапкан жүргүнчүлөр: Ошто таксидеги окуялар тургундарды түйшөлтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында расмий катталып, элге такси кызматын көрсөткөн 15 компания бар. Мындан сырткары өз алдынча жеке унаасында жүргүнчү ташыгандар да арбын. Бирок акыркы учурдагы окуялардан кийин жашоочулар арасында такси кызматынын коопсуздугу жөнүндө маселе көтөрүлө баштады.

  • Үстүбүздөгү жылы 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында Өзбекстан Республикасынын жараны — 20 жаштагы С.С. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн «Достук» өткөрмө бекетинен чыккан учурда 28 жаштагы Т.З. менен 17 жаштагы О. уулу Ж. ижарага алган көк түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүп, салып кетишкен. Алар С.С.нын желкесине уруп, акча талап кылган. Андан кийин атайын даярдалган жип менен С.С.ны муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7000 сом, 100 доллар жана телефонун алышкан.

  • Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, 17-мартта «Туратали» базарында ижарага алынган «Хонда Фит» автоунаасы менен өздөрүн кайрадан такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну Ж.Т.ны базардан, жумушунан чыккан жеринен Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан. Жолдо бара жатканда жип менен Ж.Т.ны муунтуп өлтүрүшкөн. Жабырлануучунун жанынан 6000 сом, ноутбук, телефонун, флешкасын алып, маркумдун жансыз денесин Кара-Суу районунун аймагындагы жолдун батыш тарабына, сайдын боюна жерди казып көмүп коюшкан.

  • Эки маркумдун жансы денелери жерге көмүлгөн абалда табылып, шектүүлөр кармалган.

Ар бир кардар такси кызматынан ыңгайлуулук жана айдоочудан сылык мамиле күтөт. Анткен менен таксисттер тарабынан тонолуп, алардын колунан өлүм тапкан фактылар катталууда. Айдоочудан ыдык көргөн кыз-келиндер бар экени да айтылат. Бирок мындай учурларда жабырлануучулардын баары укук коргоо органдарына кайрыла бербейт. Жүргүнчүлөр өз чындыгын ички иштер органдарынын кызматкерлерине далилдеп берүү кыйын экенин айтышат.

Ош шаарынын тургуну Надырбек Мирзакматовго (аты-жөнү өзгөртүлдү) таксист тарабынан талап-тонолгон өзбекстандык эки студент жардам сурап кайрылган. Алар кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинде такси кызматын сунуштаган айдоочу аларга кандай кордук көрсөткөнүн айтып берип, кайра Кыргызстанга келбей турганын билдиришкен.

«Өздөрүн өзбекстандык студенттербиз деп тааныштырды. Менден акча, тамак-аш жана бир күн түнөп кетүүгө башпаанек сурашты. Мен үйүмө киргизип, тамак-аш, колдоруна акча бердим. Алар болгон окуяны ошол жерден айтып беришти. Өзбекстандан чыгып, «Достук» өткөрмө бекетинен өткөндөн кийин таксиге отурушкан. Таксист менен Түштүк-Чыгыш кичи районуна (Юга-Васток) ар бирин 500 сомдон жеткирүүгө макулдашыптыр. Бирок айдоочу белгиленген дарекке жетпей аларды тоноп, жанындагы бардык акчаларын тартып алган. Алар жаш балдар экен, абдан коркуп калышыптыр. Ошондон кийин Кыргызстандагы окууларын сырттан окууга которо тургандарын айтышты. Ошко кайтып келбейбиз дешти. Укук коргоо органдарына кайрылууга макул болушкан жок. Мен уялдым. Балдарын алдында башымды жерге салып, ичимден айдоочуну сөгүп турдум. Эгер биз келген конокторго ушундай мамиле кылсак, бизге кайдан турист келмек эле?», — деди ал.

Ушул жылдын башынан бери 5 ай ичинде «Достук» чек ара өткөрмө пунктундагы такси айдоочулары боюнча 24 маалымат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган. Бирок алардын көпчүлүгүндө кылмыш иши козгоодон баш тартылып, 7 материал боюнча кылмыш иши козголгон.

ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, арыздангандардын көпчүлүгү чет өлкөлүк жарандар. Бирок билдирүүлөрдүн көпчүлүгү далилсиз калат.

«2022-жылдын башынан бери «Достук» чек ара өткөрмө пунктундага такси айдоочулары боюнча жалпы 24 маалымат маалыматтардын электрондук журналына катталган. Далилдер жетишсиздигинен 14 билдирүү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Жалпы 7 материал боюнча кылмыш иши козголду. «Достук» өткөрмө пунктундагы такси кызматкерлеринин үстүнөн 6 материал катталып, бирок арыздануучулар арыз жазбай, башка мамлекеттин аймагына чыгып кеткендиги үчүн жана далилдердин жетишсиздигинен улам кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Бүгүнкү күндө 7 кылмыш иш козголуп, сотко жөнөтүлгөн. 2 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иштердин баары бейбаштык беренеси менен козголгон», — деди ал.

Такси кызматын көрсөткөн ишканалар унааларга айдоочулар үчүн коопсуздук баскычтарын орноткон. Бирок жүргүнчүлөр үчүн камера же баскычтар коюлган эмес. Ош шаарында такси кызматын көргөзгөн ЖЧКлардын биринин жетекчиси Элдияр Өмүрзаков айдоочуларды жогорудагы критерийлердин негизинде ишке алат.

«Бизде биринчи айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү, тажрыйбасы каралат. Жаш курактагы балдарды албайбыз. Психгологиялык жактан саламаттыгы текшерилет. Сырткы көрүнүш да маанилүү. Жашаган дареги, ким менен жашайт, баары каттоого алынат. Айдоочуларды бир айда бир жолу окуудан өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Биздеги такси унааларынын баары спутник аркылуу көзөмөлдөп туруучу технологияга туташкан. Ар бир унаа көзөмөлдө болот. Айдоочулардын коопсуздугу үчүн баскычтар орнотулган», — деди ал.

Элдияр Өмүрзаков айрым учурда айдоочунун өмүрүнө кооптуулук жаралып, жүргүнчү катары бара жаткандар айдоочуга кол салган фактылар катталарын кошумчалады.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE