Пример HTML-страницы

Токмоктогу тургундар ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөнүн айынан жол кырсык болуп жатканын айтышты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы көчөгө коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсө талапка жооп бербей, жол кырсыктар болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, 2023-жылдын 19-июнунда С.Ибраимов көчөсүнө ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсө коюлган.

«Бирок ал талапка жооп бербей, бийик болуп калган. Мындан улам унаалардын алды тийип, ал тургай жол кырсыгы дагы болуп жатат», — деди алар.

Бул жагдай боюнча Коммуналдык ишканалар комбитаны түшүндүрмө берди.

«Мамлекеттер аралык стандарт боюнча, бийиктиги 7 сантиметрден ашпашы керек. Өзүңүздөр көргөндөй, аталган ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсө деңгээл боюнча орнотулган. Муну менен катар унаа жолдун аталган тилкеси (түндүк-чыгыш бөлүгү) чөгүп кеткен. Ошондуктан бийик болуп калгандай көрүнүп жатат.

Буга карабастан, бүгүн тиешелүү адистер жеринде болуп, текшерүүдөн өткөрүштү. Жакынкы убакытта калыбына келтирүү иштери боюнча чара көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE