Пример HTML-страницы

Токмоктогу сейил бак сугат суунун жоктугунан куурап калды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарынын №3 кичи районундагы сейил бак сугат суунун жоктугунан куурап калды.

Айрым тургундар сейил бакты видеого тартып, социалдык тармактарга таратышты.

«Бак-дарактар ​​сугат суунун жетишсиздигинен куурап, шамал болгондо бутактары сынып жатат. Айрым кишилер караңгыда отунга деп алып кетишүүдө», — деди алар.

Токмок шаарынын мэриясы Ислам университетинин имараты курулуп бүткөн соӊ, бул маселе чечилерин айтышты.

Токмок шаардык коммуналдык ишканасынын маалыматына караганда, бул аймакка карагайдын көчөттөрү 30 жылдан ашык убакыт мурун отургузулган.

«Шагылдуу топурак болгондуктан, бул жерди сугаруу да кыйынчылыктарды туудурган. Сугат маселесин чечүү үчүн лотоктук ирригациялык системаны орнотуу зарыл болгон. Бирок бул лотоктордун баасы 2 млн сомдон ашык каражатты түзөт. Бюджетте каражат чектелүү болгондуктан, бул маселени чечүү жыл сайын талкууланып келе жатат.

Белгилей кетсек, аталган сейил бактын жанынан Ислам университетин курууга жер тилкеси бөлүнүп берилген. Университеттин жетекчилиги бул сейил бакты оӊдоого милдеттенген. Учурда Ислам университетинин курулушу бүтө элек. Келечекте бул окуу жайдын курулушу аяктагандан кийин аталган аймакты жашылдандыруу маселеси аталган окуу жайдын жетекчилиги тарабынан чечилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE