Пример HTML-страницы

Токмокто жаӊы жасалган тротуарда аӊ пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарынын Пушкин көчөсүндөгү жаӊы жасалган тротуарда аӊ пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургандары билдиришти.

Алардын айтымында, мындай аӊдан дагы бирөө бар.

Токмок шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өткөн жылдын декабрь айында шаардык кеңештин акыркы сессиясында депутаттар тротуарларды калыбына келтирүү маселесин карап, бул иштерге каражатты 2022-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү макулдашышкан. Демилгелүү топтордун сунушу боюнча жалпы 7 чакырым тротуарды калыбына келтирүүнү пландаштырылган.

Жалпы 6 чакырым тротуарда оңдоо иштери жүрүп, калгандары дагы оңдолуп жатат.

Бардык тротуарларды калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана шаардын кошумча каржылоосу менен ишке ашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE