Пример HTML-страницы

Токмокто туризм максатында бөлүнгөн жер тилкесинде мыйзамсыз иштер башталган. Келтирилген чыгым 292 миң сомго бааланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы Жантаев жана Колхозная көчөлөрүнүн кесилишиндеги токойдо курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

«Биз Токой чарба кызматына кабарладык. Ошондой эле Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин чакырып, арыз менен кайрылдык. Мындан тышкары, ЖКККБ инспекторлорун чакырдык. Аларга жолдун астын (көпүрөнүн) кеңейтүү максатында кайрылганбыз. Биздин угушубузга караганда Токой чарба кызматы аларга 300 миӊ сомго чукул айып салышкан», — деди шаар тургундары.

Айыл чарба министрлигинин Токой чарба кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 21-апрелинде социалдык тармактардын колдонуучулары Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде курулуш иштери жүрүп жатканын билдирип, видео тартышкан.

Чүй токой-аңчылык ишканасы 2019-жылдын январь айында видеоматериалда көрсөтүлгөн жер тилкеси маданий, туристтик жана рекреациялык максаттар үчүн ижарага берилген. 2023-жылдын 9-апрелинде аталган жер тилкесинде токой пайдалануучу тарабынан эч кандай уруксат кагаздары жок жер иштери жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү Чүй токой-аңчылык ишканасынын кызматкерлери ишти токтотуп, тиешелүү акт түзүшкөн.

«Бүгүнкү күндө Чүй токой-аңчылык ишканасы тарабынан Токмок токой чарбасына келтирилген зыяндын эсеби түзүлдү. Бул багыттагы иштер улантылууда. Дарактарды мыйзамсыз кыйып, жер кыртышын бузгандыгы үчүн жалпысынан 292 309 сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE