Пример HTML-страницы

Токмокто аралыкка чуркоо мелдешинде 100дөй адам 5200 метр аралыкты басып өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында Нооруз майрамына карата аралыкка чуркоо мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеште 100гө чукул жаран 5200 метр аралыкты басып өтүштү. Бардык катышуучулар медалдар менен сыйланышты. Ал эми алдыңкы 3 орунду алган жарандарга атайын сыйлыктар берилди.

Алар:

Аялдар арасында 1-орунду Вера Коновалова, 2-орунду Мээрим Базарбаева жана 3-орунду Эвелина Дадочкина алды.

Эркектер арасында 1-орунду Нуртилек Орозов, 2-орунду Калыгул Жолдошев жана 3-орунду Данил Осипов жеӊди.

Ошондой эле 77 жаштагы Виктор Тюменцев «Эӊ улуу катышуучу» наамын, 12 жаштагы Ырыскелди Көбөгөнов «Эӊ жаш катышуучу» наамын алды.

Жеңүүчүлөрдүн арасында «Скорпион» атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE