Пример HTML-страницы

Террорчу менен кошо жарылган милиционер Нурланбек Сайдиевдин элесине арналган мелдеш өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-сентябрда Ош шаарында милициянын кенже лейтенанты Нурланбек Сайдиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын кенже лейтенанты Сайдиев Нурланбек Жанышович 2004-жылдын 20-ноябрында террорчулар менен кармашууда курман болгон. 2006-жылдан баштап ИИМдин буйругунун негизинде жыл сайын анын элесине арналган мелдеш өткөрүлүп келет.

Кичи динамиадага ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын кызматкерлери, Ички аскерлердин, Баткен ОИИБ, Жалал-Абад ОИИБ, Ош ОИИБ менен Ош ШИИБдин командалары катышып, спорттун 5 түрү боюнча күч сынап жатышат. Алар: ордо, аркан тартыш, кичи футбол, кол күрөш жана күжүрмөн куралдан ок аттуу.

Мелдеш эки күнгө созулат. Бүгүн, 21-сентябрда катышуучулар ок атуу боюнча мелдешип жатышат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов Нурлан Сайдиевдин ата-энесине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде маркумдун атасы уулунун атын өчүрбөй, ири иш-чараларды өткөрүп келе жаткан ИИМдин жетекчилигине ыраазычылык айтты. Ал эми ИИМдин «Динамо» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиев мындай иш-чаралар жаш милиция кызматкерлерин патриоттуулукка, мекенин, кесибин сүйүүгө тарбиялай тургандыгын белгилеп өттү.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Нурлан Сайдиевдин атасы, жубайы, уулу жана кызы катышты. Маркум эскерилип, куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE