Пример HTML-страницы

Таластык Тилек саяпкер 2 миллион сомго бааланган Байкоңурду таптаган

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 30 жаштагы тургуну Тилек Баялиев чоң аталарынын жолун жолдоп, күлүктөрдү таптап жатат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ат багыш деле оңой эмес.

«Негизи чоң аталарыбыз чоң саяпкерлерден болгон экен. Ошолордун жолун жолдоп, улантып кетүүгө кызыктым окшойт деп ойлойм. «Ат – адамдын канаты» деген жакшы сөз бар эмеспи. Ар бир аттарыма жаш баладай мамиле кылам. Аттар абдан назик келишет. Убагы менен чөп, жем-суусун берип, убагы менен бастырып, чуркатып турам.

Башында күлүктөрдү таптоону интернет булактарынан көрүп кызыгып калгам. Өзүбүздүн каныбызда да бар болгондуктан бат эле өздөштүрүп алып кеттим. Күлүктүн башын Чүйдөн алып келгем. «Сары-Өзөн» командасында чабылып жүргөн Лексус деген айгырдын иниси деп Байкоңур деген айгырды кунан кезинде сатып алгам. Баасы келишим баада, орто баада сатып алдым. Саткан адамдын да ичи ооруган жок. Ошол атты таптап багып жүрүп, кийин айыл өкмөттөр арасында шеринелерде чабылып жүрдү. Андан кийин райондук шеринелерге чабылып келди. Кийин «Ынтымак» командасында Карыпбек деген досум алып барып чаап жүрдү. Өзүбүз үйүргө салып, тукум алдык. Эң негизгиси оюнга чабылып жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келди.

Таякелерим кызыгып, сат дегенинен таякелериме саткам. Алар 2 жылдай багып, чабып жүрүп казак туугандарга сатышкан. Азыркы учурда Шымкент облусунда аламан улакка чабылып жүрөт. Баасы биздин сом менен 2 миллион болгон. Андан бери Семьёрка деген жакшы кунанды, Ача деген быштыны, Грейдер деген айгырды бактым. Айта берсек көп аттарды багып таптап жатабыз. Учурда Острый деген бир атыбыз бар. Ал сарайда багылып жатат. Парда деген 1 асыйлык атыбыз бар. Фанат деген айгырыбыз 2 асыйлык. Азыркы тапта «Ынтымак» командасында 12-номерде чабуулчу Эсен уулу Өмүрбек деген инибиз чабат.

Чынын айтканда ат багыш деле оңой эмес. Атка аябай мээнет керек. Аларды деле жаш балдардай көзүнө карап, асты-үстүнө түшүп карап таптайсың. Кудайга шүгүр, чоң аталарыбыздын жолун жолдоп, саяпкерлик жагына өткөнүмө сыймыктанам. Ар бир аттын кабагына карап мамиле жасайм. Ооруп калгандарын да кабактары аркылуу билем. Ошого жараша дары, уколдорду беребиз. Көп нерсени тажыйырбалуу саяпкерлерден сурап, үйрөнүп турам. Саяпкер эч качан саяпкерлик сырын айтпайт деп койот. Бирок ага карабай улуу акелерибиз жол көрсөтүп келишет. Жөнөкөй эле алганда ач карын, жемден кийин сугарбайт. Муну саяпкерлердин баары билет. Ат баккан деле өзүнчө бир кесип. Көпчүлүк убактыңды аттардын жанында жүрүп өткөрөсүң. Жумуштар менен сыртка чыгып кетсең дагы ошол аттарынды ойлоп сарсаана боло бересиң. Ал убакта үйдөгүлөргө телефон чалып, «убагында сугарылып, жеми берилип жатабы?» деп сурап турам. Сарайга кирип келип, күтүрөтүп чөп жеп жаткандарын угуп ырахат алабыз.

Негизи ат баккан сүннөт. Ата-бабаларыбыз, пайгамбарларыбыз багып келишкен. Бардык иштин түйшүгү болот, чыдаш керек. Баарын бир жолго салып алсаң эле эч кандай түйшүктү жаратпайт. Саяпкерликти колго алганыма шүгүр дейм ушундай. Эң негизгиси жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп командада чабылып келе жатат», — деди ал.

Тилек саяпкер 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE