Пример HTML-страницы

Таластык К.Жаманкулов элетте улгайган адамдарды да спорт менен машыктырууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Талды-Булак айылынын 67 жаштагы тургуну Кубанычбек Жаманкулов элетте адамдарды спорт менен машыктырып жатат. Аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1985-жылдан баштап, эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп иштеген.

«1990-жылдан кийин машыктыруучулукту токтотуп, кайрадан пенсияга чыккан убактан кийин машыгып баштадым. Өзүмдүн айылыма машыгуучу зал ачууну ойлонуп, азыркы учурда элди машыктырып жатам. Мен өзүм спорт чеберимин. Республикада ветерандар арасында 2 жолку чемпионумун. 2021-жылдын ноябрь айында кол күрөш боюнча мелдешке Москвага барып келдик. Ветерандар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттан 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңип алдым. Ал жерде 29 мамлекеттен оюнчулар катышты.

Союз учурунда эле Талас районунда өспүрүмдөр арасында эркин күрөштөн машыктыруучу болуп эмгектенгем. Союз тарагандан кийин Бишкек шаарына көчүп кетип, айылга келген сайын мектепке келип, спорт залга келип балдардын машыгып жаткандарын көрүп көп отурчумун. Ал окуучулардын арасынан шыктууларын грек-рим күрөшү менен машыгуучу залдан ар кандай ыкмаларды колдонууну үйрөтүп калам. Азыркы учурда ошол шакирттерим машыгып, бат эле өздөштүрүп кетишти. Ал кыздар да Валентина Шевченкодой болуп эл алдында жүргөн кыздардан болот деген ойдомун. Алар 1 айдай машыгып калгандан кийин ата-энелери машыгып жатканын билишип калып, спорт менен машыгуусуна каршы болуп коюшту. Тилекке каршы эң алгачкы кыздардан топтолгон тобум эл алдында чыкпай калышты.

Эски мектептин залы бар эле. Ошол жерди тазалап, оңдоп машыгуу үчүн даярдадым. Суук болгондуктан күз, кыш мезгилинде токтоп калып жаттык. Ал эми жаз айы башталганы машыгуулар кайра башталат. Ошентип залга жылуулук киргизип баштагандан кийин, пандемия болуп калды. Азыр жылуу, бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз.

Машыккан балдар-кыздар көп. Азыр ата-энелер түшүнүктүү, балдарын машыгуудан калтырышпайт. Былтыр Ысык-Көлдө спорттун бир нече түрлөрүнөн турнир болду. Ошол жерден кол күрөш боюнча 1 кыз, 1 балам алтын медаль, ал эми 2 кыз 1 балам коло медаль жеңип алышты. Ошондо 2 алтын медаль, 3 коло медаль алып келдик. Азыр деле чемпионаттарга катышып калабыз. Азиза Шумкарова деген кызым азыркы учурда Кыргызстандын курама командасында машыгып жатат. Жакында эле Таласта өткөн республикалык турнирдин чемпиону болду. Келечекте Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат деген ойдомун.

Азыркы учурда жашы улгайып калган адамдар көп. Алар кечке үйүндө кыймылдабай жатышат. Көп кыймыл болбосо, көп ооруйсуң да. Ошондо улгайган адамдарды да машыктырууну ойлондум. Эң алгач эле өзүмдүн аяштарымдан баштадым. Булар жакшы машыгып кеткенден кийин, башка адамдарды да чакыра башташты. Ошентип жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат.

Көп улгайган адамдар үчүн машыгууларды интернет аркылуу көрүп, аларга ылайыктуусун дайындап аламын. Ден соолукка пайдалуу машыгууларды көп жасайбыз. Жакында Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Андан уткан жеңүүчү дүйнөлүк чемпионатка катыша алат. Азыр ошого балдарды дайындап жатам.

Ошондой эле киного да тартылып калдым. «Орхидея» тасмасында жана «Мен сүйгөн Айтматов» тасмасында милициянын полковниги болуп роль ойногом», — деди ал.

Машыктыруучу уул-кыздарынан 12 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE