Пример HTML-страницы

Таласта студенттер арасында үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча талкуу уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 31-март күнү Таласта жогорку окуу жайлар жана колледждердин окутуучулары жана студенттери үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча талкуу өткөрүштү. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы №313 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясын бекитүү тууралуу, 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча талкуу өткөрүлдү. Ага Талас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ТалМУ, Талас агрардык экономикалык колледжи жана ИСИТОнун студенттери жана окутуучулары катышты. ТалМУнун доценттери баяндама жасашып, баяндамалар боюнча суроолорго жооп беришип, маселелер боюнча өз ойлорун, сунуштарын билдиришти. Талкуу катышуучулардын сунуштарын угуу менен жогорку деңгээлде жыйынтыкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE