Пример HTML-страницы

Таласта окуучулар арасында шахмат боюнча облустук турнир өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Таласта окуучулар арасында шахмат боюнча облустук турнир өттү. Бул тууралуу Талас райондук Балдардын билим берүү борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеште А.Абдыкеримов I орунду, Т. Батыркулова, С. Баязбеков, А. Качкынбаевалар II орунду, З. Санжаров III орунду ээледи. 9 жашка чейинкилер арасында 5 жаштагы Усман Качкынбаев I орунду жеңип алды. Жеңүүчүлөргө Шекер айыл өкмөтү тарабынан Ч.Айтматовдун китеби жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE