Пример HTML-страницы

Таласта кармалган милиционердин үстүнөн арыз түшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта кармалган милиция кызматкеринин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Талас ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 4-марттаа У.С. аттуу жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Ал Талас ШИИБдин оперкызматкери, милициянын капит­аны ​Н.У. 331,77 грамм баңгизатын сат­ып берүү керектигин айтып, анын акчасын саткандан кийин береши керектигин айтканын билдирген. У.С. андан алган баңгизатты өз ыктыяры менен тергөө кызматына өткө­рүп берген. Ата­лган арыз УКМ­Кнын башкы тергөө кы­зматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-б­еренесинин 1-бөлүгү менен (баңгизат каражаттар­ын, психотроптук зат­тарды жана алардын аналогдорун сатып өтк­өрүү максатында мыйз­амсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүр­үш иши катталган.

Ички иликтөө кызматы УК­МК менен бирдикте иш алып барып, милицияны таза эмес кызматкерл­ерден тазалоо макс­атында ыкчам аракетт­ер жүргүзүлдү. Натыйжада 7-а­прель күнү уюштурулган ыкчам иш-­чаралардын негизинде Талас шаарынан милициянын капитаны Н.У. арыз жазган У.С.га мурда берилген баңгизат үчүн 4000 сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда аталган факты боюнча УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. ​

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас ОИИБден 7-апрель күнү Талас шаарында милиция кызматкери кармалганын тастыкташкан.

Маалыматка караганда, Талас ШИИБдин мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы бөлүмүнүн кызматкери У.Н. уулу кармалган.

«Башка маалымат булактарында милициянын кызматкери наркотикалык зат берип, кайра акчасын алып жаткан учурда кармашкан деп айтылып жатат. Бул иш УКМК да катталып кармалган. Кызматкерди Бишкек шаарына алып кетишкен», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE