Пример HTML-страницы

Таласта баанын кымбатташынын себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта пияздын 1 кг 50 сомдон 65 сомго чейин сатылып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, баанын өсүшүнө бир катар себептер бар.

«Бүгүнкү күндө пияздын баасынын көтөрүлүшүнө бир нече жагдайлары бар. Бизге көбүнчө Казакстан тараптан келет. Учурда пиязды чыгарууга тыюу салынган. Экинчи жагдай бул аба ырайынын суук күндөрүндө пиязды үшүккө алдырып алгандар болууда. Ошондуктан бизде дагы аз санда болуп, баанын өсүшүнө алып келген. Акыркы бизде катталган баа 25-30 сом болчу. Учурда 50-65 сом болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

  • 26-январда Талас шаарында 1 кг пияздын баасы 70 сомго чыкканы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE