Пример HTML-страницы

Таласта 1 кг ашкөктүн баасы 1000 сомго чейин чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 1 кг ашкөктүн (укроп) баасы 700 сом болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү базардагы жашылча сатуучулар кабарлады.

«Учурда 1 кг 700 сомдон 1000 сомго чейин болуп жатат. Бизде күнөсканаларга массалык түрдө ашкөк тиккендер дээрлик жок. Ошондуктан Ташкенттен алып келебиз. Мындан 2 апта мурун ал жакта дагы токтоп калып, анын 1 кг баасы 1000 сом болду. Ошол баа кээ бир соодагерлерде дагы деле сакталып турат. Ал эми эң арзанын 1 кг 700 сомдон сатып жатабыз.

Ашкөк салкын жерде сакталат. Өтө жылуу, өтө муздак абаны жактырбайт. Келгенде, граммдап бөлүп, баштарын аба кирбеген пакеттерде, сөңгөгүн сууга салып сактайбыз», — деди ал.

Помидор, бадыраң 1 кг — 240 сом;

Пияз 1 кг — 50 сом;

Перец 1 кг — 260 сом;

Сабиз 1 кг — 35-40 сом;

Картошка 1 кг — 35-40 сом;

Алма —30 сомдон 50 сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE