Пример HTML-страницы

Таласка Россия менен Италиядан режиссерлор келишти. Алар Ч.Айтматов тууралуу тасма тартышат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусуна Россиядан режиссёр Наталья Фянтисева жана Италиядан режиссёр Диаомамтакос Сиева келди. Алар Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы, туулуп-өскөн жери тууралуу документалдык тасма тартышат.

Конокторду Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова тосуп алды.

Режиссёрлор Көк-Сай айылына барып, Манас жана Чыңгыз чокуларына чыгышты. Ошондой эле, Маймак станциясына жана Улуттук «Манас Ордо» комплексине барышты.

Документалдык тасма жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чарада тартууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE