Пример HTML-страницы

Таласка Алтайдан алынып келген маралдар кыштан аман-эсен чыгышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТаластын Беш-Таш коругуна коё берилген маралдар кыштан аман-эсен чыгышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын биоресурстар бөлүмүнөн билдиришти.

«Беш-Таш жаратылыш паркына Алтайдан 35 марал алынып келип, коё берилген. Барып рейд жасап, санап келдик. Жол жээгине чейин жайнаган маралдар жүрөт. Биз такай жем, туз берип жаткандыктан адамдардан коркушпайт. Азыр тоодо аларга ылайыктуу козукарындар чыгып, карагаттар өнүп жаткандыктан алар менен азыктанышат», — деди ал.

Маралдар май айынан тарта төлдөй баштайт.

Маралдардын чоо-жайы:

2022-жылы 1-майда Алтайдан Талас облусуна 35 баш марал алып келишкен.

Маалым болгондой, маралдар Талас районуна караштуу Беш-Таш коругуна коё берилген. Талас жергесине маралдарды багуу боюнча Илимдер академиясы тарабынан атайын аныкталган корутунду чыгарылган. Маралдарды алып келүүгө демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE