Пример HTML-страницы

Талас облусунда 3 күндүк рейдде 6 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында 2023-жылдын 6-июлунан 9-июлуна чейинки аралыкта «Бахус» аталышындагы иш-чара өттү. Анда автоунаа башкаруу боюнча документ жок 6 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы 181 протокол түзүлүп, анын ичинен мас абалында унаа башкаруу — 9, ылдамдыкты жогорулатуу — 59, жол белгилерине жана жол чийимдеринин талаптарына баш ийбөө — 47, коопсуздук курун тагынбоо — 50, транспорт айдоого укугу жок унаа башкаруу — 1, тиешелүү документтери жок — 6, башка бузуулар — 9.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE