Пример HTML-страницы

«Талас» аэропортунун курулуш иштери талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-апрелде «Талас» аэропортунун аэробекетинин жана аэродромунун курулуш иштери тууралуу маселе талкууланды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Манас» эл аралык аэрпортунун жетекчиси Манасбек Самудинов жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов катышты.

Манасбек Самидинов: «Манас» эл аралык аэропорту Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлиги менен биргеликте асфальт-бетон төшөлгөн элементтердин андан аркы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүп берүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууда. Мындан сырткары «Талас» аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда. Аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда», — деди ал.

Ошондой эле жолугушуу учурунда «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов бүгүнкү күндө Талас аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары аяктоо этабында экенин айтты.

«Талас» аэропорту ишке берилсе, саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турганга шарт түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталына белгиленген.

Буга чейин, 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун өз күчү менен «Талас» аэропортунун аймагын тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери аткарылды», — деди ал.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 11-мартта Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Нарын» аэропортунун реконструкциялоо иштери менен таанышып, эмдиги жылдан баштап ички аба каттамдар жанданарын, «Казарман», «Кербен», «Талас», «Каракол», «Нарын» аэропорттору оңдолорун айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE