Пример HTML-страницы

Түптөгү жайлоодо сел жүрүп, мал өлүп, боз үйлөрдү агызып кетти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-июнь күнү Түп районунун Сары-Тологой айылынын малчылары каттаган 2 көпүрөнү сел алып, малчыларды боз үйлөрүн суу агызып кетти. Бул тууралуу Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаев билдирди.

«Кечинде жайлоодо сел болуп, көпүрөлөрдү жана боз үйлөрдү агызып кетиптир деген кабарды угуп, кишилердин амандыгын билип, бүгүн эртең менен ал жерге бардык. Сары-Тологой айылынан Чоң-Булак жайлоосуна кеткен 2 көпүрөнү сел агызып кеткен. Андан ары Ак-Суу районуна чектеш Кызыл-Кыя, Башарын жайлоосуна да катуу жаан жааган. Сары-тологойлук чабан Эрнис Корголдоевдун боз үйүн такыр агызып кеткен. Күндүз болгондуктан адамдар зыянга учураган эмес. Боз үй такыр талкаланып, ичиндеги идиш-аяк, эмеректер Ак-Суу районунун Советское деген айылына чейин чачылыптыр. Кечке чейин самоор, казан сыяктуу буюмдарын терип келип бердик. Дагы жакшы, документтери унаада экен. Биздин артыбыздан айылдыктар келип, ун-талкан баш болгон азык-түлүк алып келип беришти. Селдин күндүз болгонуна ошол жердеги малчылар аргасыздан сүйүнүп отурушат.

Көпүрөлөр Түп токой чарбасына тиешелүү болгонуна карабай, биз да жардам берип, тез арада көпүрөлөрдү ордуна келтиребиз. Биз боз үй менен агып кеткен эмеректерди терип келе жатып, жолдо музоолордун, кой-козунун өлүктөрүн көрдүк. Биздин малчылардын малдан чыгым жок дегенине караганда агып өлгөн малдар Ак-Суу районунун малчыларына тиешелүү окшойт», — деди Черикбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE