Пример HTML-страницы

Түптүн Жылуу-Булак айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-мартта Түп районунун Чоң-Таш айыл аймагынын Жылуу-Булак айылындагы мектептин жаңы имаратына капсула салынды.

Маалым болгондой, Өмүр баатыр атындагы Жылуу-Булак мектебинин эки кабаттуу жаңы имараты 200 окуучуга ылайыкталган. Анда 12 окуу бөлмөсү, мугалимдер бөлмөсү, китепкана, ашкана, жыйындар залы, даараткана жайгашат. Учурда мектпете 350 окуучу окуп жатат.

Капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, райондун акими Каныбек Адиев, өлкө башчы Садыр Жапаровду башталгыч класста окуткан мугалим Кеңешкан Шаменова жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Курулуш иштерин «Альянс Грандстрой» ЖЧК жүргүзөт. Имараттын курулушу 2022-жылы сентябрь айында аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE