Пример HTML-страницы

Түп районунун жаңы акими Шергазы Мурзахмедов жамаатка тааныштырылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-сентябрь күнү Түп районунун жаңы дайындалган акими Шергазы Мурзахмедов жамаатка тааныштырылып, кызматка киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов райондогу мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө президенттин токтомун тааныштырып, Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Шергазы Мурзахмедовдун иштерине ийгилик каалады.

Шергазы Мурзахмедов президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 7-сентябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.

Мурзахмедов Шергазы Мураталиевич 1981-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Дарыя айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Ал буга чейин Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE