Пример HTML-страницы

Сузакта өрттөнүп жаткан үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

TurmushБүгүн, 4-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Күмүш-Азиз айыл өкмөтүнө караштуу Ырыс айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Сузак районунун №65 бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү бөлүм чыгып кеткен. Саат 06:12де өрт локализацияланып, саат 07:01де толугу менен өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен үйдүн чатыры күйгөн. Көмүр кычкылына ууланган 1971-жылы туулган Ч.З.нын (эркек) жансыз денеси ошол жерден табылды.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE