Пример HTML-страницы

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы +33 градуска жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоолуу аймактарында абанын күндүзгү температурасы +33 градустун тегереги болсо, ал эми ойдуӊ жерлерде +38 градуска чейин жетип жатат.

Токмок метеостанциясынан билдиришкендей, бүгүн аталган шаарда абанын температурасы +37 градуска жетти.

Ал эми Сокулук районунда +37…+38 градус болуп жатат.

Алыскы Суусамыр өрөөнүндө +33 градустун тегерегинде болуп, ойдуӊ жерлерге салыштырмалуу аба салкын. Жашоочулардын айтымында, Суусамырда кечкисин аба салкын болуп, түнү жууркан жабынып жатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE