Пример HTML-страницы

Совет доорун эстеткен жумуртка уруштуруу оюнуна Кадамжайдагы жүздөгөн адамдар топтолушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-май — эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Тамаша айылында майрамдык иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундар адатта бул майрамга алдын ала өзгөчө камылга көрүшөт. Жумурткаларды жашыл, сары, күрөң, кара жана башка түрдүү түстөргө боёп чыгышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жумуртка уруштуруу оюну СССР учурунан бери белгиленип келет. Бул оюнга башка айылдардан жүздөгөн адамдар келип катышат. Жумурткаларды атайын ар кандай түстөргө боеп, сууга бышырып келүү керек. 2 адам жумурткаларын бири-бирине алды жагынан да арт жагынан да ургулайт. Кимдин жумурткасы 2 тарабынан тең сынып кетсе жеңилген болот. Утулуп калган адам сынып калган жумурткасын жеңүүчүгө берет. Ортого акча коюп да уруштургандар болот. Жумурткага окшогон таштарды да атайын даярдап, элди алдап утуп кеткендер да кездешет. Бул оюн адамдардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE