Пример HTML-страницы

Сот блогер Батмакан Жолболдуеванын өкүмүн жеңилдетти

Акыркы жанылыктар

TurmushТергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча айып тагылган блогер Батмакан Жолболдуевага карата Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы өкүм чыгарды. Чечим 2023-жылдын 22-майында кабыл алынган.

Аталган соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облустук соту КР Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинин (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) 2-бөлүгү менен Жолболдуеванын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсүз деп тапкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) 1-бөлүгү боюнча сот Жолболдуеваны күнөөлүү деп таап, 500 эсептик көрсөткүч (50 000 сом) өлчөмүндө айып пул салган.

Батмакан Жолболдуева Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтердин жасалмасын жасоо) 1-2-бөлүгү менен 2 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда облустук сот ага карата 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотту.

Баткен райондук соту кандай чечим чыгарды?

Жолболдуева райондук соттун 2023-жылдын 3-февралындагы чечими менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) 1-бөлүгү менен анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

Окуя тууралуу:

Turmush басылмасынын Баткен облусундагы кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 2022-жылы 26-мартта көз жумган. Ал Баткен шаарында жерге берилген.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, Арзыгүл Галымбетова 25-мартта Баткен ОИИБге келип, «Батма бат» YouTube каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген арыз менен кайрылган. Бул арыз Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап, саат 20:00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай, түндө каза болуп калган.

Бул факт боюнча анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну — Б.Ж. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кийинчерээк Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган Ж.Б. белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салганы белгилүү болгон. Ага жардам көрсөтүлгөндөн кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошко которулган иш:

Кийинчерээк Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнөн кийин кармалган блогер айымдын иши Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ош облустук ички иштер башкармалыгына которулганы маалым болгон.

Айыпты угузуу:

26-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы блогердин кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктап, соттук кароого жөнөткөнү белгилүү болгон.

«Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү «Батма бат» аталыштагы интернет баракчасы менен таанылган Баткен районунун 33 жаштагы тургуну Ж.Б.га карата козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн (документтердин жасалмасын жасоо, билип туруп расмий документти пайдалануу), 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамга көрсөтүү менен), 190-беренесинин 2-бөлүмү (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу, чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же башка эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу), 127-беренесинин 1-бөлүмү (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамдары боюнча айыбы угузулуп, кылмыш иштер кароо үчүн Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү», — деп айтылган маалыматта.

Айыпталган блогер үй камагына чыккан:

Иш боюнча айыпталган блогер Б.Ж. айым андан бери тергөө абагында кармалып келе жаткан болчу. Ал 2022-жылды 19-августунда үй камагына чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE