Пример HTML-страницы

Сокулукка келген баткендик тургундар үйүнө кичи автобустар менен кайтып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунда 8 кичи автобус менен 165 адам Баткенге кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу Сокулук районуна убактылуу келген жарандарды абал турукташтырылгандыктан өз каалоолору менен кайрадан кичи мекенине жеткирүү боюнча транспорт уюштурулду.

Сокулук районуна жалпы 856 адам келген. Анын арасында 408 бала бар.

«Биз уюштурган кичи автобус менен 165 адам, өз алдынча 200 адам кетти. Бүгүн дагы 4 кичи автобус 80 адам жөнөп кетишет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE