Пример HTML-страницы

Шермат Жакиев ардагерлер арасында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын тургуну Шермат Жакиев ардагерлер арасында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду алды.

Өзүнүн айтымында, дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышып, Казакстан, Америка, Франция жана Болгариядан келген спортчулар менен күч сынашкан.

Спортчу 1982-жылы 20-ноябрда Кант шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Дзюдо, грек-рим, эркин күрөш менен машыгып келген. Учурда эркин күрөш боюнча балдарды машыктырып жатат.

Дүйнө чемпионаты Грециянын Лутраки шаарында өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE