Пример HTML-страницы

Саясатчы Бекназаров талаш жерлер болбогонун айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushСаясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесине кылдат мамиле жасоого чакырды. Ал 15-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын боюндагы элдик курултайда сөз сүйлөдү.

Бекназаров курултайга бийликке жетүү же элдин тынчын алуу үчүн келген эместигин айтты.

«Урматтуу өзгөндүктөр мен бийлик талашып келген жокмун. Же тополоң кылайын деп келген жокмун. Чек ара маселесине далай аралашкан кишимин. Кандай чечилишин дагы билем. Талаш жерлерди бөлүп карайлы деп айтып жатышат. Талаш жерлер жок. Каримов талаш жерди калтырбай эле, тартып койгон. Уңгар-Тоо илгертеден бери эле биздики. Кемпир-Абадды алыш үчүн бул, тигил жер талаш деп, доомат койгон. Бирок аны өкмөт, парламент дагы талаш жер деп тааныган эмес. Жердин ээси силерсиңер. Кызыл-Октябрдын картасы бар. Урматтуу жергиликтүү кеңештин депуттары канча аянтыбыз бар деп карап көргүлө. Кербен шаардык кеңеши аянтыңарды картаңардан көргүлөчү. Канча аянттагы аймагыңар бар? Анан Өзбекстан кайсы жерден чек арасын чыгарып, бул жерди бердик деп айтар экен. Андай нерсе жок. Ошон үчүн бул эл аралык деңгээлде чечилет. «Биз эле, биз» деп айта берсек болбойт. Ал жерде дагы «биз эле, биз» деген төбөлдөр бар. Бирок ал жактагы дипломаттар биздикине караганда 10 эсе даярдалган дипломаттар. Бир кыргыз бир өзбектин алдында дипломат боло албайбыз. Муну моюнга алалы да. Коон сатып алсак дагы алданып калабыз. Уй сатсак дагы алданып калабыз.

Уңгарт-Тоо боюнча элдик курултай өткөргөндө, Каримовго «биздин жерге кол салба» деп кайрылдык. Ошону менен Уңгар-Тоо, Кемпир-Абад (15 пайыз) калды. Бүгүнкү элдик курултайдын чечиминин бир копиясын Шавкат Мирзиёевге жөнөтүшүбүз керек. Экинчисин президент Садыр Жапаровго берип, Шавкат Мирзиёев келгенде кол койбоңуз деп кайрылышыбыз керек», — деди ал.

02:00дөн баштап көрүү керек.

Курултайдын катышуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев (Октябрь округу), Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан» фракциясы), коомдук ишмерлер жана саясатчылар — парламенттин мурунку депутаты Исмаил Исаков, Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси Азимбек Бекназаров, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов, саясатчы Жеңишбек Молдокматов, КРдин Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, өкмөттүн Талас облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов бар.

Ошондой эле иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев келишти.

Жакын жерде атчандар турушат.

Кемпир-Абад суу сактагычы көлөмү боюнча Кыргызстандагы экинчи, Өзбекстандагы үчүнчү суу сактагыч болуп эсептелет.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бул жерден окуй аласыз.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанга кайсы тилкелер өткөнүн айтты.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурунку биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиев китептеринин биринде Кемпир-Абад суу сактагычынын тарыхы тууралуу айрым фактыларды жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE