Пример HTML-страницы

Санам Байтажиева өнөрүн чет өлкөдөгү 200дөй адамга үйрөтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын 26 жаштагы тургуну Санам Байтажиева бала кезиндеги кыялын орундатып, учурда буюртма менен балдарга түрдүү кийимдерди токуп берип жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Кол өнөрчүнүн айтымында, токуучулукка бала кезинен эле кызыккан.

«Мектеп учурунда кол эмгек сабагынан кичине үйрөнүп баштагам. Мектепти аяктагандан кийин атайын токуучулук курсунда окудум. Андан соң таанымал чеберлерден онлайн сабак алып, кайра токуучулукту уланттым. Социалдык тармактардан баракча ачып, өз ишимди жүргүзүп баштаганыма 6 жыл болду», — деди ал.

Санам Байтажиева эмне үчүн эмгектеринин басымдуу бөлүгү балдарга арналганын айтып өттү.

«Балдарды жакшы көрөм. Алар коомдун жандуу гүлдөрү. Балакайлар үчүн кийим тигүү, токуу мага өзгөчө дем берет. Менин колумдан жаралган эмгектерди кийип жүргөнүн көрүп сыймыктанам.

Кийимдерди токууга ар кандай убакыт кетет. Мисалы, комбинезон токуу үчүн 3 күн убакыт коротом. Оор моделдер болсо, 10 күнгө чейин да созулуп кетиши мүмкүн. Ар бир кардардын өзүнүн койгон талабы бар. Ал ойлогондой токуп берүү оңой эмес. Ар бир кардар менен жеке сүйлөшүп, алар каалаган нерсени түшүнүп, токуп берүүгө тырышам. Мен токуган ар бир кийимдин ар бир илмегинде өзгөчө энергия, өзгөчө баалуулук бар. Мен үчүн бардык токуган кийимдеримдин өзүнүн орду бар. Ар бир эмгегимди кантип жаратканым эсимде калат», — дейт ал.

Жаш кол өнөрчүнүн айтымында, буюртамалардын 90 пайызы интернет аркылуу түшөт.

«Ал эми 10 пайызы менин эмгектеримди көрүп калып, кызыгып келгендер. Токуу көп убакытты талап кылгандыктан 2 ай мурун буюртма берип, төлөм жүргүзүшөт. Мага ушунун өзү чоң бакыт. Социалдык тармакта эмгектеримди сатып алып гана калбай, токуучулукка кызыккан кыздарыбыз аябай көп. Аларга да онлайн жана офлайн мастер-класстар өтүп турам. Келечекте өзүмдүн курстарымды ачып, кыздарыбызга өнөрүмдү үйрөтөм деген ниеттемин. Шакирттерим өлкө ичинен гана эмес, башка мамлекеттерде дагы бар. Мисалы, мастер-класстарга Россия, Өзбекстан, Түркия, Казакстандан 200дөн ашык окуучу онлайн катышат.

Токуучулуктун ден соолука пайдасы аябай көп. Жүрөктүн кагышын нормалдаштырып жана кан басымдын көтөрүлүп кетишинин алдын алат. Токуу адамга алдыга максат коюуга жардам берет. Кол өнөрчүлүктү өзгөчө бала тарбиясы менен алектенген аялдарга сунуштайм. Анткени үйдө отуруп, кыялдарын ишке ашырса болот.

Чоң максаттарымдын бири — өзүмдүн ишимди өлкө ичинде гана эмес, башка өлкөлөрдө да жайылтуу, брендимди түзүү», — деди ал.

Санам Байтажиева үй-бүлөлүү, эки баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE