Пример HTML-страницы

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова камакта калтырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushСаламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова камакта калтырылды.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 28-июнундагы токтому менен Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 15-июнундагы токтому өзгөртүүсүз калтырылган.

Мээрим Тилекованын жакындары тергөө жүрүп жатканда ал үй камагында болушун суранышкан.

——————————————

Тилекова Мээрим Тилековна 1993-жылы 3-июлда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.

2022-жылы 29-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Мээрим Тилекованы министрдин кеңешчиси кызматына дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Кийинчерээк саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын Мээрим Тилекова 2022-жылдын 16-майынан тарта саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кызматынан бошотулганы тууралуу буйругу чыкканы маалым болгон.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Абдыкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси — 1993-жылы туулган Мээрим Тилекова Бишкек шаарынын аймагынан кармалганы маалымдалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган (Опузалап пара талап кылуу) кылмыштын негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу үчүн кармалып, Каракол шаарына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE