Пример HTML-страницы

Сүрөт — Талас шаарынын борборунда кароосуз жүргөн мал-жандыктар

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында кароосуз калган малдын ээлерине айып пул салынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Көчөттөр жергиликтүү бюджеттин эсебинен отургузулду.

«Айрым кайдыгер тургундар шаардын борбордук бөлүгүндөгү жашыл аянтчаларга малын кароосуз калтырышат. Жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону, кайдыгер карабоосун суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин кароосуз калган мал жандыктары короого алынып келсе, мындан кийин Бузуулар кодексинин 124-беренеси менен 5500 сом айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE