Пример HTML-страницы

Сүлүктүлүк окуучу Нуртилек Усаров эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарындагы окуучу Нуртилек Усаров Россияда өткөн «Моя первая палеонтологическая коллекция» сынагына катышып, жеңүүчү аталды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалматка караганда, ага Россиянын Уфа федералдык изилдөө борборунун диплому жана палеонтология илими боюнча китептер жана башка сыйлыктар берилген. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан анын ата-энесине да ыраазычылык каттар тапшырылды.

Нуртилек Усаров Сүлүктү шаарындагы Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE