Пример HTML-страницы

Сүлүктүдө баласын көтөргөн бойдон жардан боюн таштаган келин

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарынын түштүк батышында, темир жолдун өйдө тарабында турган Келин-Таш ташы жөнүндө эл арасында кызык уламыш айтылат.

Жергиликтүү тургундарын айтымында, байыркы мезгилде ошол аймактагы Жайыкты айылына бир кыз келин болуп келет. Ал акылынын тунуктугу, кызматы менен элдин алкоосуна алына баштайт. Жыл айланып уулдуу болот. Уулуна той өткөрүшөт. Ушундай бейпил күндөрдүн биринде элдин тынчтыгын бузуп, душман кол салат. Көрүнгөн буюм-тайымдарды, кыз-келиндерди олжологон жоо катуу басат. Баласын аман алып калуу максатында журтка аралашып келин дагы качып жөнөйт. Артынан кууп келе жаткан куугунчуларды көрүп, келин кудайга жалынып, сурана баштайт. Баласын көтөргөн бойдон жардан ылдый көздөй өзүн таштап жиберет экен. Кудайга үнү жетип, баласы менен кошо таш болуп катып калганы айтылат.

Кууп келген душмандар бул окуяны башчысына айтып барат. Башчысы эл арасына касиеттүү адамдар бар экенин билип, алган олжосун таштап, тынч жаткан элге кол салганына өкүнүп артка кайтып кеткен экен.

Ташка айланган келиндин сөлөкөтү көп мезгилдер өтүп, эки колу баласы менен урап түшүп, өзүнүн таш көрүнүшү гана сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE