Пример HTML-страницы

Покровка айылындагы маданият үйүндө Комуз күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Покровка айылындагы маданият үйүндө Комуз күнү жана композитор Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Анда Бакай Ташиев атындагы балдар искусство мектебинин комузчулар ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашып, Карамолдо Орозовдун «Ибарат», «Шыңгырама», А.Огомбаевдин «Маш Ботой», «Жаштар маршы», Н.Абдрахмановдун «Алтын балалык», Т.Сатылгановдун «Кербезим», «Тогуз кайрык», Ы.Тумановдун «Боз салкын», Ш.Шеркуловдун «Таласым» чыгармалары жаңырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE