Пример HTML-страницы

Панфиловдун Тельман айылындагы көчөгө төгүлгөн таш жана кум жөнүндө айыл өкмөт үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Тельман айылынын Айтымбет көчөсүнө төгүлгөн, соцтармакта талкуу жараткан таш жана топурак аралаш кум жөнүндө айыл өкмөтү үн катты.

Тельман айылы Орто айыл аймагында жайгашкан. Андагы Айтымбет көчөсүнө төгүлгөн таш жана топурак аралаш кум жөнүндө соцтармакта сынга алынган.

«Тельман айылында 4 көчө бар. Алардын бири — 40 жылдан бери шагыл таш төгүлбөгөн, тегизделбеген Айтымбет көчөсү. Биз элдин талабын орундатуу максатында 1,5 чакырым жолду оңдоого кириштик. «КамАЗ» унаасы менен бир нече ирет көчөлөргө төгүлдү. Арасында чоң таштар, кум аралаш топурак болгону да анык. Бул иштин башталышы. Ал жер атайын техникалар менен тегизделип, таштары иргелип алынган соң, кайрадан майда шагыл таштар төгүлүп, дагы 2-3 жолу тегизделет. Ошондо көчөгө төгүлгөндөр тапталып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ага чейин шашылып, чоң таштарды сүрөткө, видеого тартып, ызы-чуу жаратпастан, сабыр менен күтө турушса деле болмок. Эми ачык маалымат булактарында 1 «КамАЗ» шагылды тоо этегине жүктөп келүү, түшүрүү жана тегиздөөгө 3750 сом сарптала турганын да маалымдаганбыз», — деди Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Ринат Момуналиев.

Ал өз сөзүндө мындай иш-аракеттер Кум-Арык жана Бухара айылдарынын айрым көчөлөрүндө да улантыла турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE