Пример HTML-страницы

Панфилов районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жөө жүрүш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Азисбек Ирсалиев билдирди.

Жөө жүрүш «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу биздин колубузда» урааны астында уюштурулду. Ага ӨКБнын өздүк курамы, окуучулар, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жөө жүрүштөн кийин билим берүү мекемелеринде «Коопсуз мектеп» темасында ачык сабактар өттү. Анда кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуациялоо, техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана башка коопсуздук эрежелери айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE