Пример HTML-страницы

Өзбекстанга жер алдынан жашыруун өтүүчү 350 метрлик туннелдин видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак милициясы коңшу өлкөгө жер астынан өтүүчү туннелди аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 20-март күнү саат 17:30 чамасында Сузак РИИБдин Атабеков аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылында Өзбекстан Республикасынын аймагына жер алдынан өтүүчү туннель тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан.

Бул факт Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Материал боюнча Сузак РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан. Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын 1983-жылы туулган тургуну М.М.нын турак жайын кирген учурда короодо шагыл үйүлүп турган. Үйдүн ичиндеги бөлмөдө туннелге түшүүчү атайын пластиктен жасалган эшик орнотулган.

Туннелдин тереңдиги 12,5 метр болгон. Төмөн түшүү үчүн атайын темирден жасалган шаты орнотулган. Туннелдин Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына чейинки узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 см, туурасы 1 метрди түзгөн.

Туннелдин ичине атайын электр жарыктыктары орнотулуп, эки тарапка өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды ташууга даярдалгандыгы такталган.

Үйдүн короосунан туннель казууга колдонулган шаймандар, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган.

Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE