Пример HTML-страницы

Оштун вице-мэри мугалимдердин тамактануусу боюнча жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-сентябрь күнү Ош шаардык кеңешинин XIII сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, күн тартибине 20 маселе коюлган. Депутат Арыпбек Айтбаев Дача аймагындагы жашоочулардын жердин кызыл китеби боюнча кыйынчылыктарын, аялдамалар курула электе эскилери бузулуп, эл кыйналып жатканын айтып, маселе көтөрдү.

«Мугалимдердин мектептен тамактанышы боюнча маселе каралбаптыр. Бул боюнча социалдык иштер боюнча вице-мэр Венера Рыскуловага кайрылса, «үйүңөрдөн алып келип, ысытып жегиле» дептир. Венера Рыскулова, ушул боюнча кайда кайрылдыңыз?», — деди ал.

Венера Рыскулова эч бир муниципалдык мекемеде кызматкерлердин тамактануусун камсыздоо каралбагандыгын айтты.

«Анчалык ашыкча айткан эмесмин. Эч бир жерде муниципалдык мекеме кызматкерлердин тамактануусун камсыздоо каралган эмес. Мен деле адис болуп иштеп жүргөндө үйүмө каттап тамактанып жүргөм. Шаардык билим берүү башчылыгына «ыңгайлуу шарт, жай болсо СЭСтин уруксаты менен караштыргыла» деп айткам», — деди ал.

Арыпбек Айтбаев: — Сиздин унааңыз бар, үйүңүзгө барып келе бересиз. Алар кафеге барайын десе кымбат, айлыгы жетпейт.

Венера Рыскулова: — Мен деле адис болуп, иштеп жүргөндө үйгө барып жеп жүргөм. «Именно» кафеге барыштын кереги жок. Мэриянын кызматкерлери деле ошентип тамактанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE