Пример HTML-страницы

ОшТУда студенттер үчүн оюн-зоок сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алды

TurmushОш технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин студенттеринин ортосунда «Тамашоу» оюн-зоок сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус пандемиясынан кийин студенттер студенттик доорду сүрө баштады. Иш-чаранын негизги максаты адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, адамдарды бардык кыйынчылыкты сабырдуулук, алдыга карай умтулуу менен жеңүүгө үндөө, бар нерсени баалай билүүгө чакыруу болуп эсептелет.

Факультетте даярдалып жаткан беш багыт боюнча командалар катышып, сынактын шартына ылайык бардык коюлган талаптарды аткарышты. Иш-чарага факультеттин жалпы жамааты, студенттер жана сырттан келген коноктор катышты. Ал эми иш-чаранын демилгечиси жана уюштуруучусу Финансы жана кредит кафедрасы болду.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунга Экономика жана иинансы кафедрасынын «Максимус» командасы, 2-орунга Бизнес, информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын «Информаторы» командасы, 3-орунга Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын «Уникал» командалары ээ болушту. Факультеттин жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командалар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE