Пример HTML-страницы

ОшТУда билим берүүдө заманбап технологияларды туура пайдалануу боюнча талкуу жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде «Билим берүү процессин жүргүзүүдө заманбап технологияларды туура пайдалануу» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара курулуш өндүрүшү кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты заман талабына ылайык студенттер, магистранттар, аспирант, жаш окумуштуу, изденүүчүлөргө билим берүү жана илим боюнча маалыматтарды жеткиликтүү берүү процессинде инновациялык жаңы технологияларды пайдалануу менен ишти алып баруусунда заманбап технологияларды өздөштүрүүгө багыт берүү болуп саналат. Тегерек столго кафедранын жамааты, магистранттар жана студенттер катышты.

Университет бир канча багыттагы инженерлерди даярдап жаткандыктан лабораториялык, практикалык, семинардык сабактарды уюштурууда жаңы жабдуулар (приборлор), машиналар талап кылынгандыктан университет жетекчилиги тарабынан зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE